Келерки жылы өлкөдө бардык тармактагы реформалар улантылат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Сенаттын жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчысы алдыдагы негизги максат – өлкөдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо, Казакстандын жаркын келечекке карай ыкчам өнүгүүсүнө жол ачып берүү экенин белгиледи. Бул маселеде парламенттин ролу алда канча жогору болот. Ошондуктан Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчысы катары алдыдагы парламенттик шайлоого өзгөчө маани берет. «Бул шайлоо өлкөнүн мыйзамына ылайык таза жана ачык өтүшү керек», - деди президент Токаев.
Которгон: Илгиз Жамалбеков