Касым-Жомарт Токаев чет элдик дипломатиялык миссиялардын жетекчилери менен жолугушту. Президент ар кыл тармактарда масштабдуу реформалардын ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу айтып, жарандык коомдун ролун жогорулатуу, ырааттуу демократиялаштыруу жана ар тараптуу социалдык-саясий кайра куруулар боюнча өзгөчө аракеттер көрүлүп жатканын айтты. Мамлекет башчысы Казакстан кабыл алган жаңы экономикалык курс чыныгы эркин рынок экономикасын курууга багытталганын баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле соода-экономикалык кызматташуунун келечегине токтолуп, өлкөбүздүн айыл чарба жана өндүрүш тармагында, энергетикада жана «жашыл» каржылоодо олуттуу потенциалга ээ экенине токтолду. Транспорт жана логистика тармагы да өзгөчө роль ойнойт. Бул тармак, өлкө башчынын айтымында, кызматташтыкты арттыруу үчүн маанилүү. Бүгүнкү күндө Казакстан жана бүткүл регион бардык кызыкдар мамлекеттер, уюмдар менен ачык жана өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин көрсөтүүдө.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
Борбордук Азиянын аймактык жана глобалдык деңгээлдеги маанилүүлүгүнүн өсүшү менен C5+ форматы биздин өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Учурда C5+ форматы көптөгөн өлкөлөр жана регионалдык альянстар, анын ичинде АКШ, Жапония, Түштүк Корея жана жакында Кытай, Индия, Орусия жана Евробиримдик менен активдүү өз ара аракеттене баштады.
Борбор Азиядагы алдыңкы экономика катары Казакстан аймактык жана глобалдык өнүгүүгө, ошондой эле континенттер, маданияттар жана улуттар ортосунда көпүрө курууга салым кошууну улантат. Бул багытта биз дүйнөлүк коомчулуктун бардык мүчөлөрү, анын ичинде АСЕАН, Жакынкы Чыгыш, Африка жана Америка менен жигердүү өнөктөштүктү улантабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков