Касым-Жомарт Токаев менен Илхам Алиев чакан жана кеңейтилген курамда жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекет башчылары Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулашты. Тараптар эки тараптуу соода алакаларына канааттанышат, бирок соода алаканы жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр көп. Касым-Жомарт Токаев товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин жеткирүү мүмкүн экенин баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Азербайжан менен Казакстан бир тууган жана дос мамлекеттер. Биз эки тараптуу форматта жана эл аралык уюмдардын алкагында соода-экономика жана инвестиция чөйрөсүндө ар тараптуу кызматташтыкты, ошондой эле саясий мамилелерди өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Кавказ чөлкөмүндө алдыңкы ролду ойногон Азербайжан мамлекети менен экономикалык карым-катнаштарды жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүү ниетиндебиз. Биздин ортобузда эч кандай маселе жок. Бир гана ушул багытта ишти алдыга жылдыруубуз керек.
Илхам Алиев, Азербайжан Республикасынын президенти:
- Өзүңүз белгилегендей, биздин мамлекеттерибиздин бири-бирине болгон бир туугандык мамилелери жогорку деңгээлде. Бул эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жакшы негиз болуп саналат. Кызматташтыктын багыттарына келсек, аларды эсептөөгө бир аз убакыт керектелет. Анткени ал коомдун бардык тармактарын камтыйт. Албетте, азыркы шартта соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлор, ошондой эле транспорттук-логистикалык инфраструктурага тиешелүү долбоорлор артыкчылыкка ээ.
Соода-сатыктан тышкары эки өлкөнүн маданий кызматташтыгы үчүн да орун бар. Быйыл Азербайжанда Казакстандын маданият күндөрү өтөт. Казак өлкөсүндө азербайжан элинин көрүнүктүү ишмери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар пландалууда. Тактап айтканда, Астана шаарында Гейдар Алиев атындагы көчө ачылып, мамлекеттик ишмердин өмүр жолуна арналган даректүү тасмасынын бет ачары өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков