Казакстан парламенти жасалма интеллект боюнча мыйзам кабыл алды

Казакстан парламенти жасалма интеллект боюнча мыйзам кабыл алды

Казакстандын парламенти жасалма интеллект тармагын жөнгө салууга багытталган мыйзам кабыл алды. Мажилис тиешелүү мыйзамга жана ага тиркелген документтерге Сенат киргизген түзөтүүлөр менен макулдашты. Жалпысынан 3 документ боюнча 130 түзөтүү каралды. Жогорку палатанын депутаттары киргизген негизги өзгөртүү AI-системаларын колдонуу аркылуу келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандырууну киргизүүгө байланыштуу. Мурунку нускада болсо ыктыярдуу камсыздандыруу гана каралган. Жалпысынан, жаңы редакциядагы АI жөнүндөгү негизги мыйзам боюнча - 6, санариптештирүү актысына - 3, жана административдик укук бузуулар тууралуу кодекске - 7 тактоочу түзөтүү киргизилди. Парламент депутаттарынын айтымында, мыйзамды кабыл алуу жасалма интеллект технологияларын коопсуз жана этикалык киргизүүнү камсыз кылуу үчүн укуктук негиз түзөт. Ошондой эле Казакстанда санариптик экономиканы жана алдыңкы үлгүдөгү инновациялык чечимдерди өнүктүрүүнү стимулдаштырат.


Екатерина Смышляева, парламент мажилисинин депутаты:


- Парламенттин Сенаты 3 мыйзамга 16 түзөтүү киргизди. Алардын бири дагы Мажилис тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын текстин жакшыртпайт да, начарлатпайт да. Алардын баары редакциялык жана тактоо мүнөзүндө гана. Ошентип, аталган түзөтүүлөр укук колдонуу практикасына эч кандай таасир этпейт. Ошондуктан комитет Парламенттин Сенаты киргизген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен макул болууга болот деп эсептейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков