Касым-Жомарт Токаев бештин айынын 21-22си күндөрү мамлекеттик иш-сапар менен Өзбекстанга барат. Мамлекет башчы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу иш-аракеттердин актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана транспорттук-транзиттик кызматташтыкты мындан ары чыңдоо келечектерин талкуулайт. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы кабарлады. Буга кошумча аймактык жана эл аралык күн тартиби да каралат. Бир катар эки тараптуу келишимдерге жана макулдашууларга кол коюу пландаштырылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков