Мамлекеттик кеңешчи баштаган казак делегациясы Кытайдагы иш-чараларга катышты

Мамлекеттик кеңешчи баштаган казак делегациясы Кытайдагы иш-чараларга катышты

Мамлекеттик кеңешчи жетектеген казакстандык аналитикалык борборлордун жана медиа структуралардын өкүлдөрүнөн турган делегация Бээжиндеги иш-чараларга жана жолугушууларга катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ерлан Карин менен Кытайдын Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасы Ван Хунин, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин үгүт бөлүмүнүн башчысы Ли Шулэй социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун негизги багыттарын, ошондой эле «Борбордук Азия – Кытай» экинчи саммитине карата реформаларды жана пландаштырылган биргелешкен иш-чараларды талкуулашты. Мамлекеттик кеңешчи Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын президенти менен да жолугушуу өткөрдү. Андан соң Ерлан Карин Кытай Элдик университетинин мугалимдери жана студенттери үчүн лекция окуп, эки өлкөнүн аналитикалык борборлорунун биринчи форумунда сөз сүйлөдү. Ал эми казакстандык маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган делегация КЭРнын эң ири медиа корпорациясы аталган China Media Groupтун иши менен таанышып, өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.


Которгон: Илгиз Жамалбеков