Казакстан тышкы рынокторго агроөнөржай комплекси өнүмдөрүн жеткирүүнү көбөйттү

Казакстан тышкы рынокторго агроөнөржай комплекси өнүмдөрүн жеткирүүнү көбөйттү

Казакстан айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо көлөмүн көбөйттү. Үстүбүздөгү жылдын жетинчи айында айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү боюнча бул көрсөткүч эки эседен ашык, ал эми мал чарбасы боюнча үчтөн бир эсеге өстү. Бул тууралуу өкмөт жыйынында Соода министрлигинин башчысы билдирди. Арман Шакалиевдин айтымында, өсүш негизинен казакстандык салттуу өнүмдөрдүн эсебинен болууда. Алсак, буудай ташуу 56%, күн карама майын жеткирүү 76%, арпа соодасы 94% өскөн. Жалпысынан тышкы суроо-талаптын басымдуу бөлүгү импорттоочу 10 өлкөгө туура келет. Ошол эле учурда Казакстан Европанын, Жакынкы Чыгыштын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын жаңы рынокторуна чыгуудан тышкары, КМШ жана Кытайдагы жеткирүүлөрдүн салттуу көлөмүн сактап калды. Чет өлкөлөрдө жаңы рынокторду багынтуу үчүн соода павильондору жана логистикалык борборлор түзүлүүдө. Ошондой эле, министрдин айтымында, май өсүмдүктөрүн өстүрүү тармагын жаңы деңгээлге чыгаруу пландалууда.

Арман Шаккалиев, Соода жана интеграция министри:

- 2027-жылга карата тармактын жылдык жүгүртүүсү бир миллиард АКШ долларынан ашат жана дүйнөдөгү күн карама майын чыгарган үч ири компаниялардын бири болуу пландаштырылууда. Бул долбоор агроэкспорттун башка тармактарына жайылтылат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков