Касым-Жомарт Токаев: «Биз биригип, жаңы Казакстанды курууга кириштик»

Касым-Жомарт Токаев: «Биз биригип, жаңы Казакстанды курууга кириштик»

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев парламент палаталарынын биргелешкен отурумунда Казакстан элине Кайрылуусун жарыялады. Президент бүгүнкү күндө өкмөттүн алдында чоң милдет турганын айтты. «Биз алдыбызга бийик максаттарды коюп жатабыз. Сиздер менен бирге Жаңы Казакстанды курууга кириштик», деди Президент. Мамлекет башчысы кайгылуу үчтүн айындагы окуяларга токтолду. Ал мындай кырдаал эми эч качан кайталанбашы үчүн мамлекет тарабынан баары жасаларын жана кандуу кылмышка жооптуулар бирдей жазаланарын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан Республикасынын Президенти:

- Кайгылуу үчтүн айындагы окуялар менен өзгөчө кырдаал учурунда ар түрдүү укук бузууларды жасаганы үчүн 2 миңге жакын адам кармалды. Ошондон кийин мен Башкы прокуратурага алардын күнөөсүнүн даражасын аныктоо жана өтө оор эмес кылмыш үчүн кармалгандардын жазасын жеңилдетүү боюнча тапшырма бердим. Жыйынтыгында көптөгөн жарандар бошотулду. Бирок оор кылмыш кылгандар мыйзам алдында толук жооп берет. Башкача карап, провокаторлор менен популисттерди кечирүү - күнөөсүз каза тапкан жарандарды сатып кетүүгө жатат.