Каспий деңизинин түбү менен интернет-кабелин тартуу иши негизги баскычка чыкты

Каспий деңизинин түбү менен интернет-кабелин тартуу иши негизги баскычка чыкты

Каспий деңизинин түбү аркылуу Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы биринчи суу астындагы оптикалык-була байланыш долбоорунун маанилүү этабы башталды. Куур Курык портуна жеткирилип, андан кийин атайын баржа менен Азербайжанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Казактелекомдун» башкармалыгынын төрагасы Багдат Мусин өзүнүн Instagram баракчасында билдирди. Белгилей кетсек, долбоор Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы санариптик коридордун бир бөлүгү болуп саналат. Тармак ички суроо-талапты канааттандырып, ошондой эле эл аралык байланыштын интернет трафигинин ылдамдыгын, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн бир топ жогорулатат, жана Казакстандын Евразиянын маанилүү санариптик хабы катары ролун бекемдейт деп күтүлүүдө. Куурдун узундугу болжол менен 380 чакырымды, ал эми маалыматтарды өткөрүү ылдамдыгы секундасына 400 терабитти түзөт. Тиешелүү иштер ушул жылдын үчүнчү чейрегинде жыйынтыкталат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков