Казакстан эт экспорту үчүн жаңы рынокторду ачууда

Казакстан эт экспорту үчүн жаңы рынокторду ачууда

Казакстан эт өнүмдөрүнүн жаңы базарларын өздөштүрүүдө. Өткөн жылы жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 16 ветеринардык сертификат макулдашылып, кол коюлду. Айыл чарба министрлиги бул кадам ата мекендик өндүрүмдү дароо 42 өлкөгө экспорттоого мүмкүнчүлүк бергенин билдирүүдө. Алардын катарында Европа Биримдиги, Улуу Британия, Кытай, Иран, АКШ жана Канада бар. Белгилей кетсек, 2024-жылы эттин бардык түрүнүн экспорту 82 миң тоннаны түздү. Ал эми 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 91 миң тоннадан ашып, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көп. Эң жогорку өсүш уй эти менен кой этинде байкалды. Анын басымдуу бөлүгү Өзбекстанга жөнөтүлөт, ал эми кой эти Перс булуңундагы өлкөлөргө, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттары, Катар жана Сауд Арабиясына жиберилет. Өлкөдө 2030-жылга карай эт экспортунун көлөмүн эки эсеге арттырып, 165 миң тоннага жеткирүү мерчемделген.

Амангали Бердалин, Айыл чарба вице-министри:

- Быйыл дүйнөнүн дагы 8 өлкөсүнө экспорт ачылат. Азыркы учурда Европа менен жылкы эти боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Кытай рыногуна мал жана канаттуулар этин экспорттоону көздөп жатабыз, ал эми Пакистанга өндүрүлгөн бардык эт азыктарын - уй, кой этин экспорттоо планыбыз бар, Түркия менен да иштеп жатабыз.

Тармактык мекеме 2026-жылы экспорт көлөмүн көбөйтүүнү фермерлерге көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоо, кайра иштетүүнү көбөйтүү жана жаңы рынокторго чыгуу аркылуу ишке ашырат. Ошондой эле, тармакта заманбап санариптик технологиялар колдонулуп, чыгымдар кыйла азайган. Мисалы, мал чарбачылыгында белги сыргасы жана смарт-каргы пайдаланылат. Жасалма интеллект жаныбарлардын абалын көзөмөлдөөгө, илдеттин алдын алууга жана мал жаюуга жардам берет. Бул мал башынын өсүшүнө жана чарбалардын туруктуу өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков