Эксперт: Жаңы Конституция Казакстандын инвестициялык потенциалын бекемдейт

Эксперт: Жаңы Конституция Казакстандын инвестициялык потенциалын бекемдейт

Конституциялык реформалар Казакстанга акыркы өзгөрүүлөргө жана эл аралык чакырыктарга ыңгайлашууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу немис каржы серепчиси Штефани Майер-Зидоу билдирди. Анын айтымында, акыркы он жылдыкта өлкө тынымсыз өнүгүп келди жана азыркы реформалар экономикалык өсүштү тездетүүгө жөндөмдүү. Ал эми укуктук кепилдиктерди жана ачыктыкты күчөтүү инвесторлор үчүн мамлекеттеги кырдаалды кыйла түшүнүктүү кылат. Бул ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.


Штефани Майер-Зидоу, Jebsen & Jessen Industrial Solutions Gmbh компаниясынын сатуу боюнча мүдүрү:


– Мен Казакстанда каржы тармагында 25 жылдан бери иштеп келе жатам жана бүтүмдөрдүн көлөмү өсүп, долбоорлор барган сайын кызыктуу болуп баратканын көрүп турам. Коомдун кандай өзгөрүп жатканын байкайм. Өлкө ачык жана дүйнөгө андан ары ачылып баратат. Ачыктык – бизнестин туура багытта өнүгүп жатканына ишенүү үчүн абдан маанилүү. Анткени эл үчүн эң маанилүүсү – дал ушул экономикалык жетишкендик.


Которгон: Илгиз Жамалбеков