Казакстан каржы пирамидаларына каршы күрөштү күчөтүүнү көздөөдө. Бүгүн Сенаттын депутаттары мыйзамсыз каржы уюмдарынын ишмердүүлүгү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышты. Документте жарнама үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү, каржы пирамидаларын түзүү жана башкаруу үчүн жазаны күчөтүү каралган. Тактап айтканда, каржы уюмдарын жарнамалагандар 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Маулен Ашымбаев, Казакстандын Парламент Сенатынын төрагасы:
- Каржы пирамидалары – кесепети оор, актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Ошондуктан, каржылык алдамчылыкка каршы күрөшүүдө заманбап чакырыктарды эске алуу менен колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүүнүн мааниси зор. Кабыл алынган мыйзамдарда каржы пирамидаларынын жарнактарын кылмыштуулукка тартуу жана аларды түзүү, башкаруу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү каралган. Бул мыйзамдар жарандарды мыйзамсыз каржылык жана инвестициялык долбоорлорго тартылуудан коргоону күчөтөт.
Расмий маалыматтарга караганда, каржы пирамидаларынын саны 2019-жылы 24 болсо, 2020-жылы алардын саны 180ге чейин көбөйгөн. Бүгүнкү күндө жалпысынан 225 мыйзамсыз каржы уюмдары аныкталган. Ал эми жыл башынан бери каржы пирамидалары аркылуу пара талап кылуу боюнча 31 миң факты катталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков