КМШ өлкөлөрүнүн арасында уурдалган унааларды кайтаруунун жолу жеңилдетилет. Мажилис темир тулпар ээлеринин укуктарын эл аралык деңгээлде коргоону күчөтүүгө багытталган макулдашуунун долбоорун жактырды. Белгилей кетсек, 2005-жылдан бери уурдалып, чет өлкөгө чыгарылып кеткен 223 унаанын 30% гана өлкөгө кайтарылган. Эми эрежелерге ылайык, колдо болгон транспорт боюнча суроо-талапты аткаруу үчүн бир ай убакыт берилет. Бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартуу үчүн конкреттүү себеп керек. Эң башкысы, кызматташуунун алкагында чек арадан өткөн темир тулпарлар боюнча жалпы маалымат базасы түзүлөт. Документте келтирилген бардык жоболор «Вена конвенциясына» шайкеш келет.
ЕРЛАН ТУРГЫМБАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ:
- Мындан тышкары, протоколдо жол-транспорт, өрт жана табигый кырсыктардан жапа чеккен унаалар жөнүндө маалымат берүү, бажы органдары менен маалымат алмашуу, 1 жыл ичинде сурамсыз автоунаа кайсыл жерде аныкталса, ошол мамлекетте калтыруу маселелери чечилген. Бүгүнкү күндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн арасында авто транспортторду уурдоо көйгөйгө айланды. Бул келишимди ратификациялоо жарандардын укугун коргоп, уурдалган унааларды кайтарып алууга шарт түзөт.