Белгилүү «Лило менен Стич» казакча сүйлөйт

Белгилүү «Лило менен Стич» казакча сүйлөйт

Атактуу «Лило менен Стич» казакча сүйлөйт. Walt Disney компаниясынын анимациялык тасмасы мамлекеттик тилге которулду. Кичинекей кыз менен башка планеталыктын кызыктуу окуялары баяндалган тасманын жаңы бөлүгү бугу айында чыгат. Ал эми бештин айында казакстандыктар дагы бир премьераны күтүп жатышат. «Аватар» илимий-фантастикалык тасмасынын үчүнчү бөлүгү мамлекеттик тилде дубляж менен көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эл аралык «Казак тили» коомунун президенти Рауан Кенжехан уулу билдирди. Анын айтымында, жыл аягына чейин казак тилинде 4 Голливуд тасмасы чыгат. Белгилей кетсек, дүйнөлүк кинокомпаниялар өз тасмаларын өз каражатына которуп беришет.

Рауан Кенжехан уулу, Эл аралык «Казак тили» коомунун президенти:

- Дүйнөдө жүздөгөн тилдер бар. Бул тилдердин бардыгын жүздөгөн тилдерге которбойт. Дүйнө жүзүндө аталган студиялардын өз каражатына уюштурулуп, тизме боюнча которулган тилдердин саны ашып кетсе 30. Казак тили өткөн жылдан бери ушундай тандалма, 30 тилдин катарына кирип жатат. Эми орус тилине салыштырмалуу бул тасмалардагы көрүүчүлөрдүн санын кеминде 20 пайызга жеткирүү милдети турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков