АКШдагы казакстандыктар «CALIFORNIA QAZAQ COMMUNITY» коомдук биримдигин түзүштү

АКШдагы казакстандыктар «CALIFORNIA QAZAQ COMMUNITY»  коомдук биримдигин түзүштү

California Qazaq Community - АКШдагы мекендештердин башын бириктирген уюм. Мындан 3 жыл мурун Лос-Анжелес шаарында түзүлгөн бирикме өз мекенинен алыс жүргөндөрдүн тилин унутпоого, маданияттан, каада-салттан алыстап кетпешине чоң салым кошууда. Бул жерде жумасына бир жолу казак тили, домбра, бий, спорт сабактары өткөрүлүп турат. Ага каалаган казак баласы келип катыша алат. Ассоциациянын аткаруучу мүдүрү Раушан Мухтардын айтымында, Лос-Анжелесте жана жакынкы шаарларда беш жүзгө жакын казак үй-бүлөсү жашайт. Алардын арасында Казакстандан эле эмес, Кытай, Моңголия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн да казактар ​​бар.

Раушан Мухтар, CALIFORNIA QAZAQ COMMUNITY биримдигинин төрайымы:

Казактарды чогултуп жүргөнбүз. Үйгө жыйналып жүрдүк. Бирок үй биз үчүн тардык кылды. Анан биз коомдук бирикме ачууну чечтик. Бул жерде казак балдары казакча сүйлөсө, казактар ​​менен аралашып турганы жакшы. Болбосо Америкада жалаң гана англисче сүйлөп калышат.

Азыр казак коомчулугунун негизги иши балдарга багытталган. Сабактан тышкары сейил бактарда ар кандай оюндар, жолугушуулар уюштурулуп турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков