Алматыда эл аралык «Киіз. Felt. Keçe. Войлок» фестивалы өтүп жатат. Иш-чарага дүйнөнүн булуң-бурчунан тарыхчылар, сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөр катышты. Алар өздөрү менен бирге токулган кездемелердин эң эски түрүнөн жасалган буюмдарды алып келишкен. Анда кийим-кече, баш кийим, ар кандай баштыкчалар жана үй буюмдары үчүн таңгактар, идиш-аяк жана башкалар бар.
Белгилүү америкалык сүрөтчү Дженис Арнольд өзүнүн «Эскерүү үңкүрү» аттуу инсталляциясын алып келди. Композиция 18 токулган кездемеден турат. Чебер чыгармада Алматы тоолорун чагылдырган. Чыгарма кийиз фестивалынын экспозициялык залында көрүнүктүү орун алды.
Дженис Арнольд, сүрөтчү /АКШ/
Мен шаарга келсем күн жаңы чыгып келе жаткан экен. Күндүн нурлары бийик тоолордун кооз жүзүн жаркыраткандай болду. Мен алардын улуу духун көрсөткүм келди. Жакшылап карасаңыз, бардык полотнодо ичке көк жип бар экенин көрөсүз. Бул тоодон аккан дарыя, тунук булак. Тоонун этегинде таштарды чогултуп, инсталяцияны ушундай аяктадым.
Бүгүнкү күндө кийиз дүйнөлүк мураска айланды. Ар бир эл ага баа жеткис материалдык эмес мурас катары караса, анын казак эли үчүн ыйык мааниси бар. Себеби, бала төрөлгөндө кийизден жасалган жука жана жылуу жалаякка оролот. Элибиз көчмөндөрдүн салтын карманып, боз үйүнүн сыртын калың кийиз менен каптаган. Ал эми ичи салт боюнча текемет жана жибек менен кооздолгон. Эл аралык фестивалдын катышуучуларынын айтымында, бүгүнкү күндө көчмөндөрдүн кийиз басуу ыкмасы дүйнө жүзүндө жогору бааланат.
Салих Гиргич, кийиз басуу боюнча чебер, /Түркия/
Бардык элдердин кийиз басуу салтында олуттуу айырмачылык жок. Бирок, анын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Кээ бир өлкөлөр төөнүн жүнүн колдонсо, кээ бирлери койдун жүнүн колдонушат. Негизинен кийизди каалаган жүндөн басууга болот. Аны кайра иштетүүнүн өзүнүн айырмачылыгы бар. Мисалы, Казакстанда жүн кол менен жайылат, Түркияда атайын тарак колдонулат.
Айжан Беккулова, Казакстан кол өнөрчүлөр бирикмесинин төрайымы
Ал эми Венгрияда бул психологиялык жактан абдан жакын, ага карабастан алардын тамыры биздин талаадан башталарын унутпашыбыз керек. Ошондуктан алардын жүндөрү биздикине окшош. Монгол кийизи дээрлик ак түстө. Бирок кичинекей тигиштеринен улам кооз рельефтей болуп көрүнөт. Ошентип, окшоштуктарга карабастан, ар бир өлкөнүн өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар.
Белгилей кетсек, эл аралык фестивалдын алкагында ХІХ, ХХ кылымдын башындагы казак кол өнөрчүлөрүнүн архивдик сүрөттөрүнүн фото-көргөзмөсү өтөт. Салттуу кездеме буюмдарынын оймо-чиймелеринин көргөзмөсү, материалдык эмес маданий мурастар боюнча ЮНЕСКО серепчилери, чет элдик жана ата мекендик сүрөтчүлөрдүн жана кийиз чеберлеринин катышуусунда семинар жана мастер-класстар уюштурулуп, кийим коллекциялары коомчулуктун назарына сунушталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков