Бул негизинен мунай жана газ химиясы, жашыл энергетика, авиация жана кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт жана логистика тармактарына тиешелүү болот. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Казакстан-Франция өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагасы Оливье Бешт менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы жогорку даражалуу дипломатка урмат-сыйын көрсөтүп, эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, анын өлкөгө жасаган алгачкы расмий сапары бардык тармактардагы стратегиялык өнөктөштүккө жаңы дем берерине ишенерин билдирди. Ошону менен катар жолугушууда Казакстан президентинин Францияга болгон иш сапарынын жыйынтыгында соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө жетишилген макулдашуулардын аткарылышы талкууланды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Сиз президент Эммануэль Макрондон атайын салам жолдоп жатасыз. Мен да ага чын жүрөктөн урмат-сыйымды билдирип, салам жолдойм. Биз Франция Президентинин биздин өлкөгө мамлекеттик визит менен келишин күтөбүз. Бул сапар көптөгөн тармактардагы өз ара пайдалуу кызматташуубузга жаңы дем берет деп ишенем. Франция биздин Европадагы негизги өнөктөшүбүз. Кызматташтыгыбызды мындан ары да бекемдөө үчүн бизде көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенине ишенем.
Оливье Бешт, Тышкы соода, экономикалык тартымдуулук жана француз жарандарынын чет мамлекеттердеги иштери боюнча министр-делегаты:
- Сиздин Парижге өткөн жылдын бештин айында расмий сапарыңыз абдан ийгиликтүү болду жана эки тараптуу мамилелерге чыныгы саясий дем берди. Президентибиз сиздердин ортоңуздардагы жакшы мамилени мындан ары да чыңдоону маанилүү деп эсептейт. Бул эл аралык маанилүү маселелер боюнча пикир алмашууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан президентибиз менден өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн болушунча күч-аракетти жумшоону сурады. Казакстан ишенимдүү өнөктөш, дос мамлекет жана Борбордук Азиядагы биз менен стратегиялык байланыш түзгөн жападан жалгыз өлкө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков