Казакстан менен Өзбекстан кызматташтыкты бекемдөөдө

Казакстан менен Өзбекстан кызматташтыкты бекемдөөдө

Казакстандыктардын 87% колдогон жаңыланган Баш мыйзам коомдун талабын чагылдырып, саясий реформалардын негизги этабы болуп калды. Конституциялык референдумдун жыйынтыгын Бухара шаарында өлкөнүн Мажилисинин спикери Ерлан Кошанов тааныштырды. Ал Казакстан менен Өзбекстандын парламенттер аралык кызматташтык кеңешинин үчүнчү жыйынына катышты. Тараптар парламенттердин өз ара аракеттенүүсүнүн жана алардын жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруудагы ролун белгилешти. Күн тартибинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды, энергетиканы, экологияны жана санариптештирүүнү өнүктүрүү маселелери каралды. Технологиялык өнөктөштүккө, атап айтканда, Astana Hub менен Өзбекстандын IT паркынын өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө басым жасалды. Ошондой эле агрардык сектор жана “жашыл” экономика маселелери талкууланды. Кеңештин кийинки жыйынын Түркестанда өткөрүү мерчемделүүдө.


Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:


Казакстан Өзбекстан менен кылымдар бою келе жаткан байланыштарды, достукту жана коңшулаштыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Мамлекет башчыларыбыздын саясий эркинин аркасында стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын үлгүлүү модели түзүлдү. Былтыр Алматыда өткөн жыйында экономикалык кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулап, бүгүнкү күндө жетишкен ийгиликтерибизди кантип сактап, көбөйтүү керектиги боюнча пикир алмаштык. Маданият, билим берүү жана туризм сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасадык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков