Казакстанда залкар жазуучу Бердибек Сокпакбаевдин 100 жылдыгы кеңири белгиленип жатат. Казак балдар адабиятынын классигинин мааракеси ЮНЕСКОнун эскерүү даталарынын календарына киргизилген. Маданий иш-чаралар бүткүл өлкө боюнча өтөт. Астана шаарындагы балдар китепканасында Бердибек Сокпакбаевдин чыгармаларына арналган адабий кече жана эмгегинин көргөзмөсү уюштурулду. Жазуучунун чыгармалары менен казак окурмандын бир эле эмес, бир нече мууну өскөн. Анын балдардын жан дүйнөсу сыяктуу, өзгөчө жазуу манерасы жаш китеп сүйүүчүлөрдү гана эмес, улуу муундагы коомчулукту да дароо өзүнө тартып алат. Белгилей кетсек, Бердибек Сокпакбаевдин аңгемелери жана романдары дүйнөнүн ондогон тилдерине которулган.
Даулеткерей Кап, Казакстан жазуучулар биримдиги Астана филиалынын катчысы:
– Бердибекти балдар адабиятынын классиги деген чөйрөгө кысып койгон сыяктуубуз. Ал жалпы казак адабиятынын классиги экендигинде шек жок. Анткени, карыядан тартып эмгектеген балага чейин чыгармалары түшүнүктүү.
Нурлан Калка, акын:
– 70 өлкөдө Бердибек Сокпакбаевдин чыгармаларын окуп жатышат. Жаңы чыккан китептер бир нече тилге которулган. Ошондо бала аркылуу элибизди, адабиятыбызды таанып калышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков