Борбор калаа тургундары жана коноктору бир ай бою
граффити менен алектенип, сүрөт тарта алышат. Кесипкөй жана ышкыбоз сүрөтчүлөр жана
street-art тармагынын ишмерлери «Astana Graffiti Festival» аянтчасында чогулушту. Иш-чара президенттик борбордун
алдында өтөт. Ал үчүн атайын дубалдар да курулган. Уюштуруучулардын айтымында,
искусствонун бул түрүнө атүгүл көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган. Бирок
Казакстанда граффити шаарлардын архитектурасын көрктөндүрүүнүн кошумча каражаты
катары колдоого алынып келе жатат.
Ботакөз Кайыпова, Президент борборунун мүдүрүнүн орун
басары:
-Астана шаарынын көчөлөрүндө дубалга сүрөт тартуу искусствосу
популярдуу. Ал биздин имараттардын уникалдуу архитектуралык көрсөткүчү катары
белгилүү болгону менен, расмий түрдө калыптанган көчө өнөрүнүн бир багыты. Ал
эми граффитини буга каршы коюуга болбойт. Себеби, аны колдогон жаштар менен
жарандар шаардын көрүнүшүн көрктөндүрүү, кооздоо аркылуу бул багытта иштеп жүргөн маданиятыбыздын багыты
болуп саналат.
Иш-чаранын дагы бир максаты – кесипкөй граффитичилер тарабынан
мастер-класс өткөрүү. Ар бир каалоочу бир ай бою өлкөгө белгилүү жаш
сүрөтчүлөрдөн сабак алып, дубалга сүрөт тартуу өнөрүнүн сырлары менен таанышат.
Ульяна Евдокимова, катышуучу:
-Граффити деген – мен үчүн өз оюмду, ичимде болуп жаткан
кубулушту сыртка чыгарып, билдирүүнүн бир жолу. Албетте, бул иштен ырахат алам.
Граффити менен алектенүү үчүн атайын билимдин кереги жок. Кызыгуу жана аракет
болсо жетиштүү.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков