Димаш Кудайберген Еuronewsка эксклюзивдүү маек берди

Казакстандык белгилүү аткаруучу Димаш Кудайберген Euronewsка эксклюзивдүү маек курду. Анда ал классикалык музыка, казактын элдик күүлөрү жана заманбап музыканы айкалыштырган уникалдуу чыгарма тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле көчмөн элдердин мурасын көргөзгөн уникалдуу аянтчага айланган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ийгилиги тууралуу ой бөлүштү. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк турнеден кийин мекенине кайтып келген Димаш эки күндүк концерти менен Астанадагы уникалдуу спорттук иш-чарасын белгиледи. Димаш оюндардын жабылышына катышып, эки жолу жеке концертин өткөрдү. Димаштын айтымында, алар казак элинин каада-салтын гана эмес, спорт жана ат оюндары боюнча таланттарын да дүйнөгө таанытууга эң сонун мүмкүнчүлүк болуп калды.

Димаш Кудайберген,  ырчы:

- Мен казак болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам. Менин азыр чоң максатым бар. Эл аралык ырчы болуудагы максатым акча табуу эмес. Көздөгөн башкы максатым элибиздин маданиятын, ырларын, салттуу музыкасын дүйнө жүзүндөгү угурмандарыма тааныштыруу.

Которгон: Назира Бегалиева