Silk Way Star: Эртең гранд-финал

Silk Way Star: Эртең гранд-финал

Эртең Jibek Joly/Silk Way телеканалынын түз эфиринде Жибек жолундагы өлкөлөрдү бириктирген эң ири вокалдык долбоорлордун бири болгон Silk Way Star биринчи эл аралык музыкалык сынагынын көптөн күткөн финалы өтөт. Эң мыкты наам үчүн миллиондогон көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан жети финалист ат салышат: малайзиялык Язмин Азиз, грузиялык Автандил Абесламидзе, казакстандык ALEM, моңголиялык Мишель Джозеф, өзбекстандык ырчы Мадинабону Адылова, Кытайдын өкүлү Чжан Хэ Сюань жана армениялык аткаруучу Саро Геворгян. Silk Way Star титулуна ээ болуп, дүйнөлүк сахнага чыгууга мүмкүнчүлүк алган шоунун жеңүүчүсү аралаш система менен аныкталат: 50 пайызы калыстар тобунун чечими, дагы 50 пайызы көрүүчүлөрдүн онлайн добуш берүүсү. Өзүңүздүн сүйүктүүңүздү silkwaystar.org сайтынан колдосоңуз болот. Финалисттер алдыдагы эфирди «жылдын эң толкундатуучу кечи» деп аташууда. Ал эми уюштуруучулар чоң концерт, кайталангыс номерлер, жандуу оркестр болорун убада кылышууда.

Саро Геворгян, Silk Way Star финалисти, Армения:


- Финалга мен өзүмдүн автордук, абдан обондуу ырымды даярдадым, сүйүү жөнүндө абдан кооз чыгарма, мени колдогон көп добуш берүүчүлөр болот деп ишенем жана ооба, мен жеңишке үмүттөнөм. Бардык репетицияларга катышууга мүмкүнчүлүк болгон жок, бирок мен тынчтыкты сактап жатам, андан тышкары эртең баары татыктуу чыгышат деп ишенем, анткени баары абдан чоң кесипкөйлөр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков