Шымкентте кол өнөрчүлөрдүн эл аралык фестивалы өтүүдө

Шымкентте кол өнөрчүлөрдүн эл аралык фестивалы өтүүдө

Шымкентте кол өнөрчүлөрдүн эл аралык фестивалы өтүп жатат. Салттуу USTA FEST сынагы быйыл жергиликтүү чеберлер менен катар Өзбекстан, Кыргызстан, Монголия жана Орусиядан келген катышуучуларынын башын бириктирди. Шаар тургундары жана коноктору улуттук колоритте жасалган уникалдуу буюмдарга таң калып гана койбостон, көркөм өнөргө шыгы бар адамдардын көз жоосун алган өзгөчө буюмдарды жасоо жараяны менен да таанышты. Темирден түйүн түйгөн усталар чоюндан кооз жана курама композициялык чыгармаларды иштеп чыгышты. Ал эми жыгач усталар түрдүү айкелдерди жасашты. Мыктылары тандалып алынып, шаардын эң кооз жерлерине коюлат. Иш-чаранын коноктору көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүнө жана жарманкелерине катышышты.

Ерсин Темиргали, жыгач уста:

- Экинчи фестивалыбыз. Азыр артыбызда жыгачтан кымыз жасап жаткан чоң эненин композициялык айкелин жасайбыз. Буга чейин «казак барысы» статуэткасын түзгөнбүз. Ага алты айга жакын убакыт кетти. Фестиваль жагып жатат. Анткени бул көркөм кол өнөрчүлүктү жайылтууга салым.

Абдулла Наурызбаев, темир уста:

- Эгер бул өнөрдү чындап сүйсөңүз, темир уста болуу кыйын эмес. Учурда тынчтыкты жана бейпилдиктин символу болгон иштерди аткарып жатам. Ушундай нерселер элди шыктандырсын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков