Археологдор Түркестандын байыркы тарыхы тууралуу жаңы маалыматтарды аныктады

Археологдор Түркестандын байыркы тарыхы тууралуу жаңы маалыматтарды аныктады

Археологдор Түркестан аймагынын байыркы тарыхы боюнча жаңы маалыматтарды табышты. Алсак, «Азирет-Султан» мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин аймагынан чоподон жасалган кыш күйгүзүүчү мештер табылды. Божомолдор боюнча, Карашык дарыясынын жээгинен табылган буюмдар 14-кылымга таандык жана алар Кожа Ахмет Яссауинин күмбөзүн куруу учурунда колдонулган. Эске сала кетсек, илгери кыш кургатуучу жайлар, ошондой эле байыркы мезгилдерге таандык түстүү металлдарды эритүүчү мештер болгон. Окумуштуулардын айтымында, эстеликтин көбү талкаланган. Деген менен илимий-изилдөө иштери аяктап, «Түркестан-Кызылорда» жолунун боюнда ачык асман алдындагы музей ачылышы мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков