Казакстанда жетинин айынын 15-улуттук валюта күнү

Казакстанда жетинин айынын 15-улуттук валюта күнү

Казакстанда жетинин айынын 15 Улуттук валюта күнү белгиленет. Мындан туура 31 жыл мурда дал ушул күнү өлкөдө жаңы төлөм бирдигине айланган теңгенин тарыхы башталган. Ошондон бери акча бир канча ирет өзгөрдү. Алсак, өткөн жылы санариптик теңге жүгүртүүгө чыкты. Ал эми келерки жылдын биринчи кварталында «санариптик инвестициялык монета» жаңы долбоору ишке киргизилет. Бул теңгени дүйнөнүн каалаган жеринен online сатып алууга жана сатууга болот. Инвестициялык монетанын наркы баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын Лондон ассоциациясы тарабынан белгиленген алтындын салмагына жана баасына ошондой эле АКШ долларынын алмашуу курсуна жараша санариптик түрдө теңгеде эсептелет.  Аталган монета «көчмөндөрдүн жаныбарлары – тотемдери» сериясындагы коллекциялык тыйындар үлгүсүндө жасалган. Ал эми бүгүн, теңге күнүнө карата Казакстанда жалпы банктар аралык QR төлөмдөрдү киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилип, биринчи транзакция жүргүзүлдү. Азыркы учурда системага катышкан каржы уюмдарын этап-этабы менен кошуу ишке ашырылууда. Аны кеңири колдонуу 2025-жылга пландаштырылган. Долбоор өлкө жарандары үчүн ички төлөмдөрдү тез жана ыңгайлуу жүргүзүүнү камсыз кылууга багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков