Казакстанда IT тармагы боюнча көрсөтүлгөн кызматтардын наркы 646 миллиард теңгеге жетти

Казакстанда IT тармагы боюнча көрсөтүлгөн кызматтардын наркы 646 миллиард теңгеге жетти

Казакстанда IT тармагы боюнча көрсөтүлгөн кызматтарга суроо-талап өстү. Өткөн жылы бул тармактагы кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 646 миллиард теңгени түзгөнүн Энерджипром.kz порталы билдирди. Негизги кардарлар ата мекендик ишканалар. 575 миллиард теңгеден ашууну юридикалык жактарга тиешелүү болду. Бул багыттагы лидерлердин катарында борбор калаа Алматы жана Караганды облустары бар. Сунушталган кызматтардын түрлөрүнө келсек, эң чоң көлөм программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тиркемелерди жайгаштырууга тиешелүү. Ошондой эле, программалык камсыздоону колдоо, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кеңештерди берүү, маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны башкаруу сыяктуу сунуштарга көбүрөөк буйрутмалар түшкөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков