Румыниянын Констанца портуна ташылган жүк жергиликтүү мунайды кайра иштетүүчү заводко түшүрүлөт. Бул тууралуу Самрук-Казына улуттук фондунун басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, былтыр түзүлгөн беш жылдык келишимге ылайык, Актау-Баку-Джейхан жолу менен жылына 1,5 миллион тонна көлөмүндө кара алтын ташылып турмакчы. Үстүбүздөгү жылдын жалган куран айында Актау-Баку багыты менен Казакстандын мунай заты ташыла баштаган. Чын куран айынын 20на карата Актау портунан 86 миң тонна мунай жөнөтүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков