Казакстанда курулуш жүрүшүн, жылуулук тармактарынын абалын көзөмөлдөө жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мыйзам бузууларды аныктоо үчүн учкучсуз учуучу аппараттар колдонулат. Учурда Акмола облусунда «дрондордун бирдиктүү инфраструктурасы» долбоору ишке ашырылууда. Облустун санариптештирүү жана архивдер башкармалыгынын маалыматы боюнча, алар реалдуу убакыт режиминде курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөө, башкача айтканда, мектептердин жана жолдордун курулушун байкоо үчүн колдонулат. Заманбап технологиялар учурдагы жараяндардын ачыктыгын камсыз кылып, алардын натыйжалуулугун жогорулатат жана чечим кабыл алууну тездетет. Мындан тышкары, дрондорду Түндүк Казакстан аймагындагы суу ташкынына мониторинг жүргүзүү үчүн колдонуу мерчемделүүдө. Ал эми Түркестан аймагында кытайлык компания дрон чыгарууну баштоого кызыкдар экенин билдирген.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

