Казакстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилелерине 30 жыл

Казакстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилелерине 30 жыл

Казакстан жана бүтүндөй Борбор Азия аймагы Гонконгдук туристтер үчүн тартымдуу аймакка айланууда. Бул тууралуу Юстиция министри Пол Лэм Кытай менен дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата уюштурулган көргөзмөдө билдирди. Ага келгендер өлкөнүн маданиятын, жаратылышын көрүп, улуттук музыкалык аспаптардын үнүн угушту. Экспозиция Гонконгдун башкы маданий борборунда баш оона айынын  8не чейин өтөт.

Макс Зэ, өндүрүш жана коммерция бирикмесинин вице-президенти

- Казакстан биз үчүн абдан маанилүү өлкө. Аны менен Гонконгдун мамилеси бизнес жана социалдык жактан чоң дараметке ээ. Элибизди казак өлкөсү менен жакындан тааныштыруу керек, ал эми казакстандыктар да Гонконг тууралуу көбүрөөк билгени жакшы.

Джон Лэм, Brilliant Bank Төрагасы:

- Мен Казакстанга сезондун башында баргам. Алматыда болдум, керемет шаар. Ошондой эле, Астана эл аралык каржы борборунда да болдум. Биздин банк “Бир жол, бир алкак” демилгесине ылайык соода жана каржы тармагында кызмат көрсөтөт. Жыл аягына чейин Казакстан-Гонконг соода-өнөр жай палатасын түзүүнү көздөп жатабыз. Бул жол менен биз өз ара соода алакалар менен эки тараптын инвестициясын өнүктүрүүнү каалайбыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков