Жаңы Конституция Казакстандын стратегиялык багыты катары
адам капиталын, билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүнү бекитет. Бул нормаларды
иш жүзүндө ишке ашыруу жана аларды мыйзамдарда чагылдыруу серепчилердин,
окумуштуулардын жана юристтердин Казакстандын технология жана бизнес
университетинде өткөн семинардагы талкууларынын негизги темалары болду. Ошондой
эле билим берүү жана изилдөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат маселелери,
ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүнүн келечеги каралды.
Тимур Авенов, Казакстандын Мыйзамдаштыруу
жана укуктук маалымат институтунун мүдүрү:
– Мамлекет башчысы өз сөздөрүндө жана кайрылууларында илим жаңы деңгээлге чыгышы керектигин бир нече жолу белгилеген. Ушуга байланыштуу, биздин милдетибиз азыр жаш муундарды, тактап айтканда, жаш илимпоздорду академиялык чөйрөгө тартуу менен колдоо болуп саналат. Бул иш биздин институт тарабынан Конституциянын жобосун талкуулоо жана жаңы укуктук, практикалык чечимдерди иштеп чыгуу боюнча системалуу иш катары улантылууда.
Которгон: Назира Бегалиева

