Digital Bridge: тармак жана инновация

Ачык жана жеткиликтүү өкмөт. Бүгүнкү күндө Egov электрондук порталынын колдонуучуларынын жалпы саны 13,5 миллиондон ашты. Ошентип, камтуу бүткүл республиканын калкынын 70% түздү. БУУнун рейтинги Казакстан өзүн онлайн кызматтарды көрсөтүү боюнча эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири катары ишенимдүү айта аларын көрсөтүп турат. Алардын сапаттык индекси боюнча республика ТОП 10го кирди. Өлкөнүн маалыматтык технологиялык мүмкүнчүлүктөрү Digital Bridge форумунда көрсөтүлүп, экинчи күнү ата мекендик компаниялар санариптик инновацияларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Ростислав Коняшкин, Улуттук маалыматтык технологиялар АК башкарамысынын төрагасы:
-Азыр биз биринчи кезекте мамлекеттик кызматтарды проактивдүү көрсөтүүгө көңүл бурдук, адамга эч нерсе кылуунун кереги жок болгондо, ага СМС - билдирүү келет. Андан кийин ал жөн гана “Ооба, мен бул кызматты колдонгум келет” деп ырастайт. Мамлекеттик маалымат базаларын интеграциялоо менен сиз буга чейин кошкон маалыматтарды, мисалы, медициналык же эмгекти, калкты коргоо уюмдарын жана башкаларды берүүнүн зарылдыгы жок болуп калат.

Айта кетсек, технологиялык форум платформасы эң алдыңкы санариптик өнүмдөр жана инновациялар менен таанышууга гана эмес, бизнес байланыштарды түзүүгө да мүмкүнчүлүк берет.

Виктор Купцов, форумдун катышуучусу:
-Чөнтөктөрүм визиткаларга толду. Бул мен үчүн иш-чаранын ийгиликтүү өткөнүнүн көрсөткүчү. Дагы да баарын аралап көрүшүм керек. Бул жерден мыкты кесиптештерди табуума мүмкүнчүлүктөр көп. Мунун болуп жатканы абдан жакшы. Аянтчанын өзү эң сонун.  Уюштуруучуларга рахмат. Бул Казакстан үчүн жана Казакстандын өнөр жайынын өсүшү үчүн маанилүү деп ойлойм.

Белгилей кетсек, Диджитал Бридждин алкагында өлкөдө санариптештирүү мындан ары да өнүгөрү белгилүү болду. Ошентип, алдыдагы алты айдын ичинде эки миң айылдык мектеп SpaceX Starlink технологиясы аркылуу жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болот. Ал эми өлкөдө 5 G байланышын кошуу мөөнөтүнөн мурда - 2025-жылга чейин бүткөрүү көздөлүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков