Казакстандын президенти киберкоопсуздук маселелери боюнча коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрдү

Казакстандын президенти киберкоопсуздук маселелери боюнча коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрдү

Казакстанда жеке маалыматтардын ачыкка чыгып кетиши үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт. Киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери бүгүн Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында Коопсуздук Кеңешинин жыйынында талкууланды. Мамлекет башчысы жакында эле жасаган кайрылууда Казакстанды толук кандуу санарип өлкөгө айландыруу милдетин койгонун эске салды. Мындай чечим комплекстүү чараларды көрүүнү талап кылат. Ар кандай киберкоркунучтарга, анын ичинде кибер алдамчылыкка каршы туруу, критикалык маанилүү маалыматтык инфраструктураны коргоону өнүктүрүү жана кадрларды даярдоону өркүндөтүү зарыл. Жыйындын жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев киберкоопсуздуктун системалык маселелерин чечүүнү жана казакстандыктар менен кибер чөйрөдө коопсуз жүрүү боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков