Астанага расмий сапар менен Европа Кеңешинин президенти Антониу Кошта келди. Акордада жогорку даражалуу конокту Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Казакстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат. Белгилей кетсек, быйыл өлкө менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлганына 10 жыл толот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

