Акмола облусунун экономикасына 179 миллиард теңгеден ашык
инвестиция тартылды. Инвестициялык портфелде 187 долбоор бар. Облус жетекчиси
Казакстандын президентине облустун биринчи жарым жылдыктагы
социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Марат
Ахметжановдун айтымында, өсүштүн оң динамикасы өнөр жай өндүрүшүндө, жалпы айыл
чарба өнүмүндө, транспорт жана байланыш кызматтарында байкалат. Атап айтканда,
дан эгиндеринен жогорку түшүм күтүлүүдө. 5 миллион тоннадан ашык эгин жыйноо
пландаштырылган. Ал эми кайра иштетүү тармагында быйыл 9 долбоорду ишке
киргизүү максаты турат. Ошондой эле, облустун экономикасын андан ары ар
тараптандыруу үчүн республикалык маанидеги «Акмола» өнөр жай аймагы түзүлдү.
Марат Ахметжанов, Акмола облусунун акими:
- Президентке суу ташкыны кесепеттерин жоюу жана
жабыркаган жарандарга колдоо көрсөтүү чаралары тууралуу да айттым. Тургундарга үйлөр берилип жатат. Ошондой эле
мүлктүк чыгымдарды толук төлөп алдык. Мындан тышкары Жабай жана Кылчакты
дарыяларынын каналдарын тазалоо жана жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Мамлекет
башчыга жылытуу мезгилине даярдык жана улуттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча
маалымат бердим. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча президент Акмола облусун мындан
ары өнүктүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков