Касым-Жомарт
Токаев менен Владимир Путин Казакстан менен Орусиянын 19-аймактар аралык
кызматташуу форумунун пленардык жыйынына видеоконференция аркылуу катышты. Бул
20 жылдан бери өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген эки тарапка тең пайдалуу
платформа. Буга кошумча Казакстан менен Орусиянын соода-экономикалык жана
инвестициялык чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүүсү туруктуу өсүүдө. Бүгүнкү
күндө эки тараптуу соода 27 миллиард долларга жетип, Орусиядан келген түз
инвестиция 20 миллиард доллардан ашты. Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев
экономиканын дээрлик бардык тармактарында өз ара аракеттенүү жүргүзүлүп
жатканын белгиледи.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- 2019-жылдан
бери өнөр жай кооперациясы жаатында биргелешкен аракеттер программасы
ийгиликтүү иштеп жатат. Бүгүнкү күндө бул программанын алкагында 3,2 миллиард
долларлык 30 долбоор жүзөгө ашырылды. Жалпы наркы 27 миллиард доллардан ашкан
дагы 60ка жакын долбоор ишке ашыруу же иштеп чыгуу стадиясында турат. Мунун
баары Казакстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин айкын
көрсөтүп турат.
Быйыл аймактар
аралык форум айыл чарбасына арналды. Ал Казакстандын Костанай облусунда өтүп
жатканы бекеринен эмес. Касым-Жомарт Токаев айыл чарба тармагында сооданы жана
өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар
экенине токтолду. Мисалы, кайра иштетилген өнүм үлүшүн арттырууда. Мында,
Казакстанда дээрлик 900 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу көздөлүп жатат. Ошондой
эле, өнүм сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде элеваторлорду, жашылча-жемиштерди
сактоочу жайларды көбөйтүү эки жактуу кызматташтыктын маанилүү багытына
айланууга тийиш.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын президенти:
- Казакстанда
акыркы 5 жылдын ичинде айыл чарбасынын дүң өнүмүнүн көлөмү эки эседен ашык
өстү. Айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту да эки эсеге өсүп, дээрлик 6 миллиард
долларга жетти. Биздин айыл чарба өнүмдөрү дүйнөнүн 80 мамлекетине жеткирилет.
Казакстан 2022-жылдагы Азык-түлүк коопсуздугунун глобалдык индексинде 113
өлкөнүн ичинен 32-орунга чыкты. Ошентип, биз агроөнөр жай комплексин ырааттуу өнүктүрүп
келе жатабыз. Бүгүнкү Форумда тең укуктуулук принциптеринде жана бири-биринин
кызыкчылыктарын эске алуу менен биздин өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун
камсыз кылуу боюнча жаңы макулдашылган ыкмалар иштелип чыгат деп ишенем.
Агрардык илим,
үрөнчүлүк, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, органикалык жер семирткичтер, суу
ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары болуп
саналат. Белгилей кетсек, Форумдун жыйынына катышкандан кийин Казакстан менен
Орусиянын лидерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Касым-Жомарт Токаев Владимир
Путиндин 21-кылымда жакшы коңшулук жана өнөктөштүк келишиминин 10 жылдыгын
утурлай жасаган сапары эки тараптуу мамилелердин жылнаамасындагы орчундуу окуя
экенин белгилеп өттү. Өз кезегинде Владимир Путин эки мамлекеттин, анын ичинде
эл аралык аренадагы конструктивдүү өз ара аракеттешүүсүн жогору баалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков