Касым-Жомарт Токаев бүгүн UAE SWAT Challenge турниринин жеңүүчүлөрү аталган
укук коргоо органдарынын кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Быйыл
Дубайда өткөн абройлуу мелдешке 80 өлкөдөн жүздөн ашуун команда ат салышты.
Алардын арасында 12си казакстандык да бар. Катышуучулар олуттуу сыноолордон
өтүштү: чабуул коюу жана куткаруу операцияларын аткарышты, тоскоолдуктарды
басып өтүштү. Ага карабастан казак офицерлери өздөрүн
эң жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. «Күмүштү» Ички иштер министрлигинин «Сункар» жана «Томирис» командалары
жеңип алышты. Улуттук коопсуздук комитетинин “Арыстан” командасы төртүнчү
орунду ээледи. Мамлекеттик күзөт кызматынын жана Коргоо министрлигинин
кызматкерлери да жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Мамлекет башчысы жеңүүчүлөрдү
куттуктап, алардын ийгилиги күжүрмөн жана жогорку даярдыктын натыйжасы экенин
баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биздин жоокерлер
казакстандык жоокерлердин күчүн дүйнөгө көрсөтүү менен өлкөнү эл аралык аренада
ар-намыс менен таанытты. Биз сиздер менен сыймыктанабыз. Мындай жеңиштер бүт
элди, өзгөчө жаштарды шыктандырат. Күчтүү жоокерлер мамлекеттин ишенимдүү
тиреги.
Президент
эрдиктин салттары казак элинин тарыхында терең сиңип калганын белгиледи.
Мекенди фронтто согушуп же тылда эмгектенип коргогондордун - баатырлардын
теңдешсиз эрдиктерин муундардын эсинде сактап калуу – ар бир адамдын милдети.
Быйыл өлкөдө Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет. Бүгүнкү күндө офицерлердин
жаңы мууну бул жолду ар-намыс менен улантып, ант берип, мыйзам жана тартип үчүн
кызмат өтөп жатышат. Алар республикада туруктуулукту камсыз кылышат.
Касым-Жомарт Токаев, Казахстан Республикасынын президенти:
- Эл аралык мамилелер азыр глобалдык өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Айрым мамлекеттер, анын ичинде ири державалар тышкы жана ички саясатка болгон мамилени түп-тамырынан бери кайра карап чыгууда. Бирок биз буга чейин саясий прагматизмге, салттуу жана заманбап баалуулуктардын ортосундагы тең салмактуулукка чакырганбыз. Мыйзамды жана тартипти бекитүү канчалык маанилүү экендиги жөнүндө ар дайым айтып келишкен. Убакыт биздин принциптерибиздин, стратегиялык багытыбыздын тууралыгын көрсөтүүдө.
Мамлекет
башчысы офицерлерге ийгилик каалады. Күчтүү жана гүлдөгөн Казакстанды
куруу-өлкө үчүн башкы максат экендигин дагы бир жолу баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

