2023-жылдын башынан бери 18 миңге жакын этникалык казак «кандаш» макамын алды. Тарыхый мекенине кайтып келгендердин жарымы Өзбекстандан, ал эми калгандары Кытай, Монголия, Орусия, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн келген. Бул тууралуу Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлиги маалымдады. Быйыл мекенине кайтып келгендердин 60%дан ашууну ишке жарамдуу. Көпчүлүгүнүн жогорку жана орто кесиптик билими бар. Белгилей кетсек, 2 миңден ашуун этникалык казак өлкө аймагына кирбестен «кандаш» макамын алган. Мындай мүмкүнчүлүк быйыл Казакстандын элчиликтери аркылуу ишке киргизилген “бир терезе” механизминин аркасында түзүлдү. Учурда ал пилоттук режимде иштеп жатат. Анын алкагында өтүнмө бергендер өлкөгө келе электе эле жумуш жана турак-жай маселелерин чече алат. Эгемендүүлүк алгандан бери Казакстанга 1 миллиондон ашык этникалык казак кайтып келген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков