Сенатта Курчатов шаарына илим-шаар макамын берүү маселеси талкууланды

Сенатта Курчатов шаарына илим-шаар макамын берүү маселеси талкууланды

Курчатовду илимий шаарга айландыруу сунуш кылынды. Бул шаарга өзгөчө макам берүү жана мындай пилоттук долбоорду ишке ашыруу маселеси бүгүн Сенатта эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында каралды. Бул Курчатовдогу ширетүүчү ишкана. Депутаттын пикирине караганда, илимий-техникалык иш натыйжалуу жүргүзүлүп жатат. Анын ичинде чет өлкөлүк ишканалар менен кызматташуу да бар. Натыйжада өткөн жылдын аягында борбордун коммерциялык кирешеси 4 миллион долларга жакынды түзгөн. Жалпысынан, бүгүн өзөктүк борбордо дүйнөдө теңдеши жок илимий инсталляциялар жайгашкан. Алардын арасында изилдөөчү өзөктүк реакторлор жана алдыңкы аналитикалык жабдуулар менен жабдылган заманбап лабораториялар бар. Комитет жыйынында сенаторлор шаарга өзгөчө макам берүү мультипликативдик эффект берерин – илимди өнүктүрүүгө, аймакка кадрларды тартууга жана ата мекендик экономикага инвестиция тартууга шарт түзөрүн белгилешти.


Андрей Лукин, Парламент Сенатынын депутаты:


- Биз өкмөт үчүн сунуштарды иштеп чыгабыз, анда маселелерди чечүү чагылдырылат. Биринчи кезекте, бул-Курчатов шаарынын илим шаар концепциясына киргизүү. Бул инфраструктуралык маселелерди жана эң негизгиси илим маселелерин чечүү. Мажилисте илим тармагын кароо концепциясы бар, тактап айтканда пилоттук долбоор бизде Алматы облусу – Алатау маалыматтык технологиялар паркынын базасында аныкталган жана бүгүнкү күндө биз өкмөткө Курчатов шаарын да кошууну сунуштайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков