Казакстан Президенти мамлекеттик сапары менен Венгрияга келди

Казакстандын президенти мамлекеттик сапар менен Венгрияга келди. Будапешттин аэропортунда Касым-Жомарт Токаевди өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан тосуп алды. Мамлекет башчысы Венгриянын Президенти жана өкмөт башчысы менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашы күтүлүүдө. Казакстандын президенти венгриялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушууну пландап жатат. Белгилей кетсек, 30 жылдан ашуун өнөктөштүктө өлкөлөр ортосундагы соода байланыштары активдүү өнүгүп, экономикалык долбоорлор ишке ашырылууда. Казакстан менен Венгриянын товар жүгүртүүсү быйыл 8 ай ичинде 131 миллион доллардан ашты. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 6% жогору. Айта кетсек, өткөн жылы өлкөлөр 187 жарым миллион доллар киреше тапкан. Ошол эле учурда республиканын экономикасына 20 жылдын ичинде венгриялык инвестициялардын көлөмү  300дөн ашуун-миллион долларды түздү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков