Казакстанда «Адилет» жана «Е-Заң көмөгү» системаларында жасалма интеллектке негизделген «Санариптик консультант» ишке киргизилди. Нейротармак жарандарга типтүү укуктук маселелер боюнча кеңеш берип, мамлекеттик органдардын жүгүн азайтууга жардамдашат. Мындан тышкары, Юстиция министрлиги автордук укуктарды жамааттык негизде башкаруу үчүн Бирдиктүү санариптик платформаны түзүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи. Сервис ырлар, видеолор, тексттер жана башка чыгармачылык иштер кайда жана кантип колдонулуп жатканын көрсөтүп, төлөмдөрдү көзөмөлдөөгө жана билдирүүлөрдү алууга мүмкүндүк берет. Платформанын бет ачары 2026-жылга пландаштырылган. Өлкөнүн премьер-министри президенттин «Мыйзам жана тартип» концепциясынын алкагында юстиция органдарында санариптик чечимдерди киргизүү менен таанышты. Олжас Бектенов санариптештирүү жана жасалма интеллект элементтерин киргизүү бардык тармактардын өнүгүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү ролду ойной турганын белгиледи.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Дүйнөдө азыр санариптик технологиялар, жасалма интеллект абдан тез өнүгүүдө. Мамлекет башчысынын түздөн-түз тапшырмасы менен өлкөдө суперкомпьютер пайда болду. Бул Борбор Азиядагы биринчи суперкомпьютердик кластер жана аймактагы эң кубаттуу эсептөө чечими. Анын мүмкүнчүлүктөрү мамлекеттик органдарга, илимий институттарга, ЖОЖдорго жана бизнеске жеткиликтүү болот. Ошондуктан бардык ведомстволор бул багыттагы ишти активдештириши керек. Жаңы санариптик технологияларды киргизүү үчүн суперкомпьютерди өлкөнүн экономикасынын бардык тармактарында колдонуу зарыл.
Которгон: Назира Бегалиева

