К. Токаев Палестинанын Жогорку соту Махмуд аль-Хаббашты кабыл алды

К. Токаев Палестинанын Жогорку соту Махмуд аль-Хаббашты кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Палестинанын Жогорку соту, Президенттин дин иштери боюнча кеңешчиси Махмуд аль-Хаббашты кабыл алды. Мамлекет башчысы дипломатиялык мамилелер орногондон бери Казакстан менен Палестинанын ортосундагы кызматташтык достук, өз ара колдоо жана урматтоо маанайында өнүгүп келе жатканын белгиледи. Касым-Жомарт Токаев өлкө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууну, БУУнун Уставына жана эл аралык мыйзамдарга ылайык «Эки эл үчүн эки мамлекет» формуласынын негизинде Палестина мамлекетин түзүүнү колдой турганын билдирди. Өз кезегинде Махмуд аль-Хаббаш мамлекет башчысына Палестинанын президенти Махмуд Аббастын жеке кайрылуусун жеткирип, Палестина элине жана алардын тынчтык, жаркын келечекке болгон умтулууларына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков