Казакстандын жарандары алдыдагы президенттик шайлоодо катталган дареги боюнча добуш бере албастыгы тууралуу, жергиликтүү аткаруу органына тогуздун айынын жыйырмасынан кечиктирбей билдирүүсү керек. Бул шайлоочунун өзүнө ыңгайлуу шайлоо участогуна барып, шайлоо күнү добуш берүүсү үчүн зарыл чара. Добуш берүү күнү катталган жеринде болбой турганын билген жарандар, башка шаардан келгендер, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окугандар, жатаканада жашабаган студенттер, нөөмөт менен иштегендер ушундай укукка ээ. Бул тууралуу маалыматты тиешелүү администрациянын сайтынан же колл-борбордон билсе болот. Жарандар жеке маалыматтарын жетинин айынын 4үнөн тарта текшере алышат. Президенттик шайлоого катыша тургандардын тизмеси жергиликтүү аткаруу органдары тарабынан түзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков