Президент бир катар мамлекеттин элчисинин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент бир катар мамлекеттин элчисинин ишеним грамоталарын кабыл алды

«Акордо» резиденциясында жети мамлекеттин - Беларусь, Таиланд, Молдова, Мьянма, Кения, Албания жана Италиянын атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилери Казакстандын Президентине ишеним грамоталарын тапшырышты. Касым-Жомарт Токаев дипломаттарды Казакстандагы миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкө алардын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи. Казакстандын тынчтык жана көп векторлуу тышкы саясатты карманарын белгиледи. Президенттин айтымында, эл аралык мамилелерде диалог жана интеграция принциптери жетекчиликке алынышы керек жана БУУнун Уставын так сактоо өзгөчө маанилүү.

Штефан Горда, Молдова Республикасынын Казакстандагы элчиси:

- Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк багытында өнүгүүдө. Эл аралык аренада биздин байланышыбыз да абдан жакшы. Астана кооз шаар экенин өзгөчө баса белгилегим келет.

Антонелло Де Риу, Италиянын Казакстандагы элчиси:

- Казакстан Республикасындагы Италиянын элчиси кызматына киришүү мен үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик. Географиялык ажырымга карабастан, Казакстан Италия менен тыгыз маданий байланышта. Эки өлкө бири-биринен алыс жайгашкан. Бирок экономикалык жана социалдык багыттагы ишенимдүү, тыгыз мамиледе.

Которгон: Илгиз Жамалбеков