Улуттук музейде Нооруз майрамы белгиленди

Улуттук музейде Нооруз майрамы белгиленди

Мончок жана түстүү асыл таштар менен кооздолгон шөкүлө, чапан, жууркан-төшөктөр жана токулган оюнчуктар, жасалгалар майрамдык көргөзмөгө коюлду. Улустун Улуу күнү – Нооруз майрамынын алдында казак элинин турмушунда колдонгон буюмдары менен заттары салтанаттуу иш-чарага келген коноктордун назарына коюлду. Иш-чара Казакстандын Улуттук музейинде өттү. Анын жүрүшүндө борбор калаадагы этномаданий бирикмелер казак элинин салттуу ырларын жана бийлерин аткарышты. Мындан сырткары, конокторго улуттук каада-салттардан чакан спектаклдер сунушталды. Тактап айтканда, бул бет ачар менен көрүшүү. Муну менен катар, чүкө сыяктуу улуттук оюндар көрүүчүлөргө сунушталды. Уюштуруучулар муну менен эле чектелип калган жок. Ата мекендик дизайнерлердин коллекцияларындагы улуттук кийимдер көрсөтүлгөн дефиле да эң көркөм көрүнүштөрдүн бири болду.

Акмарал Ибраева, Улуттук Музей Мүдүрүнүн Илимий Иш Боюнча Орун Басары:

- Бүткүл түрк элдерине орток улуу жана касиеттүү Нооруз майрамын белгилегибиз келди. Нооруз – жыл башы, Улустун улуу күнү. Ошондуктан, жалган куран айынын 14нөн тарта салтанаттуу, майрамдык иш-чаралар бүткүл өлкө аймагында өтүүдө. Биз көптөгөн улуттар менен улусту бириктирген «Коомдук ынтымак» уюму менен бардык иш-чараларды чогуу өткөрүүнү келиштик. Алар да биз менен бул майрамды белгилөөнү кубануу менен макулдашты. Биздин Казакстанда Нооруз көп улуттуу майрам болгон.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков