Серепчи: Конституциялык реформалар Казакстандын демократиялык жолун чагылдырат

Серепчи: Конституциялык реформалар Казакстандын демократиялык жолун чагылдырат

Казакстандагы конституциялык реформа чет өлкөлөрдө да талкууланууда. Серепчилер референдумду өлкөнүн демократиялык жолун түздөн-түз чагылдырган өтө маанилүү чечим деп аташат. Маселен, азербайжандык саясат таануучу Орхан Йолчуев акыркы жылдары өлкөдө ички саясатты трансформациялоого гана эмес, республиканын дүйнөлүк аренадагы макамын бекемдөөгө да өбөлгө түзгөн бир нече реформалар пакети ишке ашырылганын баса белгилейт. Серепчи Казакстанды Европа менен Кытайдын ортосундагы «алтын көпүрө», ошондой эле Борбордук Азиянын экономикалык лидери деп атады. Казакстан бүткүл аймактын ИДӨнүн жарымынан көбүн өз алдынча өндүрөт. Ошондой эле, ушул фондо Конституцияга олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү мамлекетти модернизациялоонун логикалык уландысы экенине ишенет. Айрыкча, бул мыйзам чыгаруу органдарынын ишин кайра форматтоо жагына тиешелүү.


Орхан Йолчуев, Азербайжан STEM аналитикалык борборунун мүдүрү:


- Азыркы шарттарда эки палаталуу система бир топ эле оор десек болот. Ар кандай чечимдерди бекитүү эки этаптан өткөн оор механизм болчу. Башкача айтканда, ар бир мыйзам долбоорун кароо процесси өтө көп убакытты алчу. Албетте, бүгүнкү күндө ыкчам иштеп, тез чечимдерди кабыл алуу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков