Казакстан-Словакия кызматташтыгы артууда

Казакстан-Словакия кызматташтыгы артууда

Казакстан Словакия менен суу ресурстарын башкаруу жаатында тажрыйба алмашат. Өнөктөштүктүн алкагында өлкөдө суу чарба инфраструктурасын жаңылоо жана заманбап ирригациялык системаларды киргизүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Астанада эки өлкөнүн Премьер – министрлери Олжас Бектенов менен Роберт Фицонун катышуусунда өткөн «Казакстан-Словакия» бизнес форумунда айтылды. Тараптар инновациялык IT сектор тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Санариптик экосистемага негизделген биргелешкен стартаптар ишке киргизилет. Кеңешмеде өнөр жай, энергетика, айыл чарба, аскердик-өнөр жай комплекси сыяктуу тармактарда узак мөөнөттүү байланыштардын дараметтүү багыттары аныкталды. Үстүбүздөгү жылдын 4 айында өз ара сооданын көлөмү 46% га өстү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков