GovTech платформасынын институционалдык негизи түзүлдү

GovTech платформасынын институционалдык негизи түзүлдү

Казакстанда тармактарды, жалпылап айтканда мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоого, анын ичинде GovTech платформасы аркылуу институционалдык негизи түзүлдү. Ушул тапта мыйзам боюнча реинжиниринг милдеттүү болуп саналып, 600дөн ашык бизнес-жараянда кайра каралды. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаевге санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри билдирди. Жаслан Мадиев жасалма интеллектти ишке киргизүү жана AI-driven government мамлекеттик экосистемасын калыптандыруу боюнча сунушталган ыкмалар тууралуу айтып берди. Буга кошумча, президент эл аралык IT гиганттары менен кызматташууну активдештирип, экономиканын түрдүү тармактарында жасалма интеллектти мындан ары өнүктүрүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков