«Борбор Азия-Кытай» саммити – жалпы кызыкчылыктар айкалышкан аянтча

«Борбор Азия-Кытай» саммити – жалпы кызыкчылыктар айкалышкан аянтча

Астанадагы «Борбор Азия – Кытай» экинчи саммити - аймактык дипломатиялык күн тартибиндеги маанилүү окуя. Бул көп тараптуу диалог форматы кызматташтыктын горизонтун кеңейтет. Учурда тараптар инфраструктуралык долбоорлордон тышкары технология, энергетика, өнөр жай, космос сыяктуу багыттар боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар дейт серепчилер. Бул аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө жаңы дем берет.


Жадыра Асеткызы, Президент алдындагы Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институту Азиялык изилдөөлөр бөлүмүнүн ага серепчиси:


- Бул жөн гана экономикалык кызматташтык эмес, стратегиялык трансформацияга карай кадам. Азыр Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн технологиялык өнөктөштүгү жаңы деңгээлге чыкты. Мисалы, 5G түйүндөрүн кургандан бери «Акылдуу шаар» системаларын жайылтууну улантып келе жаткан Кытай регионду санариптик трансформациялоонун негизги тышкы экономикалык катышуучуларынын бири болуп калды. GPSтин альтернативасы деп эсептелген Beido спутник системасы да тездик менен өнүгүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков