К. Токаев: Ооганстандагы абалды көзөмөлдөөнү улантуу керек

К. Токаев: Ооганстандагы абалды көзөмөлдөөнү улантуу керек

Президент Касым-Жомарт Токаев Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу экинчи ирет жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Иш-чарада Касым-Жомарт Токаев компетенттүү органдарга Ооганстандагы кырдаалды көзөмөлдөп турууну жана Казакстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен ыкчам аракеттенүү керектигин эскертти. Ошондой эле, Афганистан Ислам Республикасындагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, анда дипломаттардан башка Казакстандын жарандары жок. Ал эми Казакстан элчилиги Кабулда өз ишин улантууда.

Ооганстандагы туруксуздук дүйнөнүн көңүлүн Борбор Азияга да бурду. Саясат таануучу Султан Акимбековдун айтымында, кооптуу жагдайга карабай, «аймакка качкындар агылып келет» деп айтууга негиз жок.

Султан Акимбеков, саясат таануучу:

- Борбор Азия аймагына байланыштуу качкындардын абалын Ооганстандын ички маселеси контекстинде кароо керек. Талибан акыркы айларда Борбордук Азия мамлекеттерине чыга турган бардык чек араларын басып алды. Тагыраагы, бул талибдер ички райондорду да көзөмөлдөйт деген сөз. Ошондуктан качкындар агылып келет дегенге эч кандай негиз жок. Өзбекстан аймагына Хайратон аркылуу ооган аскери өтмөк болгонун көрдүм. Бирок өзбек тарап уруксат берген жок. Алар маселени чечкенин расмий түрдө билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков