Астанада ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу пландалууда

Астанада ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу пландалууда

Борбор калаада ички жана чет элдик инвесторлордун бир нече ири долбоорлору ишке ашырылууда. Астана шаары акимчилигинин маалыматына караганда, саламаттыкты сактоо тармагында катардык инвестициялык холдинг америкалык компания менен биргеликте медициналык хаб түзүүнү көздөөдө. Долбоор 2 этап менен ишке ашырылат. Биринчиси - 88 миллиард теңгелик жеке инвестицияга 50 орундуу медициналык борборду салуу. Экинчи этап - болжол менен улуттук валютада 160 миллиардга медициналык хаб түзүүнү көздөйт. Мындан тышкары, Казакстандын борборунда «Sabis» жана «International Community Schools Ltd» эл аралык мектептеринин курулушу башталат. Биринчиси 2800 окуучу менен мектепке чейинки 530 орунга эсептелген. План боюнча мектептин курулушу ушул жылдын чын куран айында башталат. Экинчи эл аралык мектеп 1225 окуучу менен 100 мектепке чейинки орунга ылайыкталган. Долбоор 9 миллиард теңге жеке инвестицияга эсептелген. Муну менен катар, түрк компаниясы буудайды кайра иштетүүчү завод курулушуна 200 миллион доллар инвестиция салууга ниетин билдирүүдө. Ал эми Орусиянын ири маркетплейстери логистикалык борборлордун курулушун баштоону мерчемдөөдө. Австриялык компания индустриалдык парктын аймагында кургак курулуш аралашмаларын чыгаруучу заводду курууну колго алат. Инвестиция көлөмү 25 миллиард теңгеден ашат. Пландаштырылган өндүрүш көлөмү жылына 100 миң тонна аралашманы түзөт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков